7


  • Учителю
  • Жаны жыл кантип майрамдалып калганы, Аяз ата кайдан келгени, ал балдарга кантип белек берип калганы туурасында баяндалат.

Жаны жыл кантип майрамдалып калганы, Аяз ата кайдан келгени, ал балдарга кантип белек берип калганы туурасында баяндалат.

Автор публикации:
Дата публикации:
Краткое описание:
предварительный просмотр материала

Сулайман Рысбаев,

балдар жазуучусу


Жаңы жыл жомогу

(жомок)


Гүлдөр бариктерин жаап, жемиш бактар берекесин төгүп, дарактар жалбырактарын күбүп, күз келген маал эле. Ошентсе да, күн мемиреп жылуу болгондуктан, алар кайрадан гүлдөп, жалбырактарын ачууга камданышты. Муну көргөн Табият ата Табият энеге кайрылды.

-Э, Табияттын энеси, гүлдөр да, дарактар да эс алышса боло. Эми эле гүлдөрүн төгүп, жемишин берип, жалбырактарын күбүштү эле.

Табият атанын бул сөзү Табият энени ойлонтуп койду.

-Туура айтасың, Табияттын атасы. Бирок, аны сен кантип токтотосуң?

-Мен мындай бир жаңы ойду ойлодум. Булар жазга чейин үч ай эс алышсын. Үч айдан соң кайрадан гүлүн ачып, жалбырактарын чачкыдай кылып, мен буларды уктатайын.

Ошентти да, Табият ата бул аймактагы эң бийик Хан Теңири чокусуна чыгып, ар тарапка тоонун муздак желин үйлөй баштады. Ал муздак жел күчтүү шамалга өтүп, ал шамал боройлогон бороонго айланды. Кайдан-жайдан келе калган мындай бороондон жер бетиндеги бадалдар, дарактар, жан-жаныбарлар үшүй баштады. Жаныбарлар коңулдарга корголоп, айрымдары чээндерге кирип кетишти. Эч кайда кача албаган дарактар Табият атага жалынып-жалбарышты.

-Табият ата, мунуң эмнең..? Биз үшүп, тоңуп калдык го…

- Чыдагыла, перзенттерим. Азыр апакай карды жаадырып, силерди ак мамыктай болгон жылуу төшөккө оройм. Аны жаз келгенге чейин, токсон күн бою оронуп жатып, мемиреп уктап эс аласыңар. Ал үчүн мен азыр баарыңарды сыйкырдуу таягым менен уктатам. Жаз келгенде кайрадан сыйкырдуу таягым менен силерди ойготом. Ойгонуп, кайрадан гүлүңөрдү ачып, табиятты кооздукка бөлөйсүңөр…Түшүндүңөрбү?

Ошентти да, Табият ата сыйкырдуу таягын шилтеди эле бардык дарак-бадалдар мемиреп уйкуга киришти. Анан көктөн ак мамык буладай болгон апакай кар бүртүктөрүн теребелге тегиз септи. Бүтүндөй түздөр, тоолор, дарак-бадалдар жапырт апакай карды жамынып, тынчтанып жатып калышты. Баары буга чейин болбогон жаңы дүйнөгө айланды.


ХХХ

Ушул маалда жакын жердеги кыштакта чүкөдөй болгон абышка-кемпир жашачу. Алардын карыганда көрүшкөн сексегей чач, назик сары кызы бар болчу. Ошондуктан аны «сексегей сары кыз» деп, жүрөктөрү элжиреп эркелетишчү. Абышка-кемпир эртең менен турушуп, теребелдин баары апакай болуп калганын көрүп, таң калышат. Жол да көрүнбөйт, өзөндөгү агып жаткан суу да, тоо-таштар да билинбейт.

Сексегей сары кыз кичинекей болсо да, тирикарак эле. Ал чай кайнатууга суу апкелейин деп, апкечке чакаларын илип, өзөнгө жөнөйт. Өзөндөгү сууга муз тоңуп калыптыр. Ал чакасына суу сузуп ала албай, өйдө-төмөн чуркайт.

Аңгыча алдынан коендун кичинекей бөжөгү чыгат. Ал таштын коңулуна кирип, бөжөйүп жатып алыптыр. Кызды көрүп, серең этип тура жөнөдү. Бирок ал дагы үшүгөнүнөн алыс бара албай, кайра эле бир таштын коңулуна кире качты да, көздөрүн жалдырата кызды карады.

-Бөжөк, сен менден коркпогун. Мен сага тийбейм-деди кыз, оозун араң кыбыратып.- Мен дагы суу алганы чыгып, суу таппай, сенчилеп суукта үшүп журбөймунбү?

-Ооба, мен дагы тамак издеп чыгып, ак карда эч нерсе таппай жүрөм… Кардым да ачты. Үшүдүм…м…м…

Кыз бөжөктүн абалын көрүп, боору ооруду.

-Кел анда, мен сага күрмөмдү чечип берейин… Оронуп жылын бир азга…

-Жок. Менин жонумда апакай тонум бар го. Сен өзүң тонуп калбагын. Тез үйүңө кеткин. Болбосо, ооруп каласың…

Кыз андан ары кетти. Ышкырган кар аралаш шамал кыз менен бөжөктүн изин жашырып, дагы эле талаада ойноп жатты. Аңгыча, алдынан күркүрөгөн аюу чыкты. Кыз коркуп, эмне кыларын билбей, калтырап туруп калды. Аны көргөн аюу кызга кызыга карады да, мындай деди:

-Эй, сексегей сары кыз, мындай суукта талаада жүргөн сен кандай немесиң?

-Мага тие көрбө, аюу аке. Мен абышка-кемпирдин кызымын. Апам менен атама чай кайнатып берейин деп, суу издеп чыгып, ала абай жүрөм…-деди кыз ыйлактап,- Андан көрөкчө, суу алганга жардам бериңизчы мага…

- Сен эмес, мен дагы бул суукта айламды таппай, жаз чыкканча чээнге кирейин деп чечтим. Мен сага азыр түк да жардам бере албайм… Андан көрөкчө, үйүңө тез кеткин… Же, кел бир азга менин үйүмө кирип жылынып ал…

-О-о, аюу аке, мен сизден корком… Мен сиз менен аргам жок барар элем, бирок мага аябай коркунучтуу көрүнүп жатасыз…

- Чынымды айтып жатам, сен менден коркпогун...Мен сага тийбейм…Жүрү мени менен, тоңуп кала элегиңде…

Ошентти да, аюу «артымдан кел» дегенсип, бадалдарды аралай, кызды бороондон калкалап, кылчактап алдыга карай басты…

Аюунун үйү алыс деле эмес экен. Чоң үңкүрдүн ичине киргенде кыз бир аз жылый түштү. Кыз аюунун көрсөткөн жерине бүрүшүп отура кетти. Аюу болсо, саман-чөптөн жасап алган төшөгүнө жатып, күркүрөп бат эле уйкуга кирди.


Ххх


Аюунун көпкө чейин ойгонбосун кыз билген соң, акырын жылып эшикке чыкты. Эшикте дагы эле бороон болуп жатыптыр. Кар борошосу кызды дагы деле бет алдынан уруп, думуктуруп жиберди. Кыз айласы кетип, эми кимден жардам сурайм деп, аптыгып жыгылып-турап келатты. Колу-бети кайыгып, буттары тоңду.Үстүндө жылуу тону, өтүгү, тумагы жана да жылуу кол кабы жок болчу да. Бир кезде тоңгонуна чыдабай, ыйлай баштады. Анткен менен, бул чөлкөмдө анын ыйын ким укмак, айланада эч ким жок эле да. Эч ким укпаса да: «Ата-аа, апа-аа!» деп ыйлай берди.

Ошол кезде кызды чакырган бирөөнүн үнү угулат. Караса, кичинекей балаты экен. Ал өзү да суукка тоңуп, калтырап турганына карабастан, кызга жардам бергиси келип, өзүнө чакырып жаткан.

-Кел мага, сексегей сары кыз! Мага келип, түбүмө корголо. Кичине жылый түшөрсүң…

-Рахмат жардамыңа, балаты…

-Ыйлагандан пайда жок, андан көрөкчө, чымырканып, кайраттангын…

Кыз балатынын түбүнө корголоп, шамалдан калкаланды. Бирок дагы деле ыйлаганы басылган жок.

Ошол мезгилде кыздын ыйын учуучу килемине отуруп алып, табият жана адамдар эмне болду экен- деп, жер бетин кыдырып жүргөн Табият ата капыстан угуп калган болчу. Ал суунун өзөнүн бойлоп учуп келди да, кичинекей балатынын түбүндө корголоп бүрүшүп отурган кызды таап алып, тонуна ороду. Тонго орогондо жылый түшкөн кыз көзүн ачып, муз тоңгон сакалдары бапайган, муруттары төгүлгөн, аппак тончон карыяны көрдү.

- Чоң ата, мен үшүп кеттим… Тоңуп калдым… Атам менен апама чай кайнатып берейин деп, суу издеп чыккамын…- деди зорго ээгин кыймылдатып. Табият ата кыздын сөзүн угуп, карбаластап калды. Колу-бутун ушалай баштады.

- Кап… Аябай тоңуп калган турбайсыңбы, кызым… Азыр жылыйсың…Сени суу издеп талаада жүрүп, мынтип кыйын күнгө кабыларыңды ойлобопмун… Кечирип кой…

Кыздын мындай күнгө кабылганына өзү себепкер экенин ойлоп, Табият ата ыңгайсыз абалда калды.

-Сиз ким болосуз, чоң ата?-деди кыз аздан соң өзүнө келип.

-Мен Табият ата болом, кызым,-деди абышка,- Мен табият эс алсын, кар жамынып жазга чейин уктасын-дебедим беле…

-А-а, -деди кыз Табият атанын табышмактуу сөзүн угуп,- Мобу карды сиз жаадырдыңыз беле?

-Ооба, кызым…

-Ушул аязды да сиз апкелдиңизби?

-Ооба, кызым… Мен…

-Өзөндөгү сууну да сиз тоңдуруп, мобу апакай карды жаадырган сизби?

-Ооба, кызым…

-О-о! Анда сиз Аяз ата турбайсызбы…?

- Ошентсең да болот.-деди абышка өзүнө заматта жаңы ат кое салган тирикарак кызга ыраазы боло карап.

-Анда сизди мындан кийин «Аяз ата» десек болобу?

-Ошентсеңер да болот, кызым…

- А-а…Анда, Аяз ата, атам менен апам мени күтүп, сарсанаа болуп жатышкан чыгар. Анан да, үйдө чай кайнатар суу жок болчу. Мен эми бир аз жылып калдым. Суу алайын да, үйүмө тез кетейин.

-Кызым, туура айтасың, шашпа… Мен азыр…

Аяз ата өзөндөгү суу бетине сыйкырдуу таягын тийгизди эле, тоңгон муз жоголуп, суу кадимкидей күркүрөп агып калды. Кыздын чакаларына суудан сузуп алып, аны килемдин үстүнө койду. Анан баягы сыйкырдуу таягын килемине тийгизди эле, килем учууга камынды. Мунун баары сексегей сары кызга ажайып бир укмуш болуп көрүнүп жатты. Аяз ата килемге адегенде өзү отурду, анан кызды тонуна ороп алып, анын үйүн көздөй учуп жөнөштү.


ХХХ

Бүгүнкү жааган аппак кардан улам, элдер көчөгө чыгып: «Баары жаңы! Баары таптаза! Табият жаңырды. Жаңы жыл келди!» дешип, ырдап-бийлеп, бири-бирин куттукташып жатышты.

Балдар болсо кардын ызгаарын, бороондун суугун түк тоготушпады.Дөбөгө чыгып алышып, чуру-чуу түшүп, оюн курушту. Чана тээп, кардан киши жасашып, тамашага батышты. Бул күн алар үчүн чынында эле майрам болду. Кечке чейин үйгө иришпеди.

Кечинде гана айылдын карыясы дешип, элдин баары бала-чакасы менен абышка-кемпирдин үйүнө чогулушту. Мешке оттон жагышып, таттуу тамак бышырышып, баары кубанычтуу отурушту.

Ошол маалда абышка-кемпирдин кызы бир нерсени эстеп, атасы менен апасына кайрылды.

-Апа, ата, мен эртең менен өзөндөн суу издеп жүрүп тоңуп каларымда бир кичинекей балатынын түбүнө коргологомун. Ал татынакай, сулуу балаты болчу. Кардын борошосунда үшүп калтырап турган. Ал байкуш аязда тоңуп калды го…- деди кейип, - Мен аны менен дос болгом. Байкуш досум десе… А мен суукту унутуп, үйүмдө жыргап отурам. Эмне кылсам? Апа, ата, азыр ошол досумду талаадан таап, үйүбүзгө апкелбейлиби? Анан күн жылыганда кайта ордуна алып барып коебуз…

- Кызым туура айтат. -деди атасы анын боорукерлигине ыраазы болуп, -Досу кыйын күндө калганда жардам бербеген -жакшы эмес. Жүрү, кызым. Сен айткандай кылалы.

Бороон менен аязды тоготпой, абышка менен кызы караңгы түндө жолго чыгышат. Бир канча аралыкты басып, балатыны зорго табышат да, үйүнө алып келишет. Тоңгон балаты жылууга киргенде жадырап көркүнө чыга келет. Кыз ага түрдүү шуру, оюнчуктарын тагып кооздойт. Анан досуна арнап ырдап-бийлеп берет. Отургандардын баары кыз менен бирге кол кармашып балатыны айланып, ырдап, бийлешет.


ХХХ

Ошол маалда Аяз ата айылдын ар бир үйүндө шаан-шөкөт болуп жатканын билген болчу. Учуучу килемине отуруп алып, Аяз кызы экөө айылды кыдырып жүрүшкөн. Кичинекей балдарга деп, куржунуна түрдүү оюнчуктарды толтура салып алышкан. Ал гана эмес, абышка-кемпирдин кызына жылуу тон, жылуу өтүк, жылуу тумак жана жылуу кол кап алып алган болчу.

Аяз ата Аяз кызы менен абышка-кемпирдин үйүнө келгенде, үйдөгүлөр кооздолгон балатыны тегеренип ырдап-бийлеп жатышкан. Абышка-кемпирдин кызы Аяз атаны көрүп, жүгүрүп келди да, сүйүнүп:

- О, Аяз ата, келиңиз!- деп учурашып калды.

«Аяз ата» деген бул абышкага элдин баары таңыркай карашты. Муз тоңгон сакал-муруту тоонун чоң арчасындай бапайган, башындагы тебетейи казандай, үстүндөгү тону ак карга оронгон карыя экен. Башынан бутуна чейин жабышкан кар бүртүктөрү үйдүн жарыгында тим эле жыбыраган жылдыздардай жылтылдайт.

Кыз сөзүн улады:

- Мен эртең менен суу таба албай үшүп-тоңуп жүргөнүмдө мына бул балатынын түбүнө коргологомун. Анан экөөбүз дос болгонбуз. Мына, аны суукка калтарбай үйүбүзгө апкелип алдык. Күн кайра жылыганда ордуна алпарып коебуз…

-Абдан жакшы кылыпсыңар, кызым. Рахмат!-деп кызга ыраазылыгын билгизди да, Аяз ата эл менен учурашып, баарын жаңы жыл менен куттуктады.

-Арыбагыла, эл журт! Мына бүгүн табият жаңырып, аба тазарып, баары жаңырып, Жаңы жыл болду. Баарыңарды жаңы жылыңар менен куттуктайм! Мындан ары жыл сайын ушинтип жаңы жылда жолугушуп туралы. Мен келген сайын куру кол келбей, кичинекей бөбөктөргө түрдүү белектерди апкелип турайын. Азыр да бекер келгеним жок. -деди да, абышка-кемпирдин кызына жылуу кийимдерди белек кылды. Аяз кыз болсо бөбөктөргө түрдүү оюнчук, таттууларды таркатты. Белек алган балдар сүйүнүшүп, Аяз ата менен Аяз кызга ырдап -бийлеп беришти.

Анан Аяз ата алыска-алыска чейин барарын, ал жерлердеги бардык бөбөктөргө да арнап жаңы жылдык белектерди камдап алганын айтып, жол тартууга камынды.

- Кошкула, эл-журт! Кайрадан эмки жаңы жылда жолукканга чейин!-деди ал отурган элге. Балдар болсо:

- Кош, Аяз ата, Аяз кыз! Кайрадан көрүшкөнчө!-дешти кол булгалашып.

Аяз ата менен Аяз кыз эшикке чыгып учуучу килемине отурушта да, дүйнө кыдырып кетишти.

Ал эми элдер ошондон баштап, жыл сайын кар жаап, теребел ак карга бөлөнгөн кезде «Жаңы жыл келди» деп, бирин-бири куттукташып, үйлөрүнө балаты апкелишип, ага кооз-кооз оюнчуктарды тагышып, тегеренип ыр ырдап, бий бийлешип, майрамдап келе жатышат экен. Ал эми аяз ата менен аяз кыз болсо, балдарга дайыма оюнчуктарды, түрдүү белектерди берип кубантып келет экен.


4-5-декабрь, 2015-ж.

4-6-январь, 2016-ж.



 
 
X

Чтобы скачать данный файл, порекомендуйте его своим друзьям в любой соц. сети.

После этого кнопка ЗАГРУЗКИ станет активной!

Кнопки рекомендации:

загрузить материал