7


  • Учителю
  • А. Осмоновдун 100 жылдыгына карата усулдук иштелме

А. Осмоновдун 100 жылдыгына карата усулдук иштелме

Автор публикации:
Дата публикации:
Краткое описание:
предварительный просмотр материала



Кыргыз адабияты 9-класс

Сабактын темасы: Алыкул Осмоновдун лирикалары

Жыйынтыктоо сабагы

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк:

Өнүктүрүүчүлүк:

Тарбия берүүчүлүк:

Залкар акын, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы-А.Осмоновдун лирикаларынын маанисин терең түшүнө алат

Көркөм адабиятка, көркөм окууга кызыгуусу артат. Акындын чыгармаларына таасирленет.

Чыгармаларынан эстетикалык, нравалык тарбия ала алат.

Көрсөткүчтөр

Лирикаларынын маанисин терең түшүнө алса

Көркөм окуй алса Акындын чыгармаларына таасирлене алса

Чыгармаларынан эстетикалык, нравалык тарбия ала алса

Сабактын тиби: Билимдерин жалпылоо жана системалаштыруу (кайталап жалпылоочу) сабагы

Сабактын методу: Топ менен иштөө

Сабак аралык байланыш: тарых, сүрөт

Сабактын жабдылышы: Алыкул Осмоновдун портрети, буклеттер, китеп көргөзмөсү, проектор, компьютер, сөздөр, ватман, маркер, скотч.

Уюштуруу этабы: (2 мин)

а) Саламдашуу

б) Баалоо усулун түшүндүрүү

в) Окуучуларга түстүү түстөгү барактарды таратуу менен топторго бөлүү

Чакыруу этабы: (2 мин.)

-Окуучулардын көңүлүн сабакка буруу үчүн алгачкы тапшырма:

-Ар бир окуучу кол чатырдын сүрөтүн тартат жана ага өзүлөрүнүн эң жакшы сапаттарынан бешти жазышат.

-Жазгандарын презентациялашат.

Мугалимдин сөзү: Окуучулар, мына ушул мыкты сапаттарыңар силердин бүгүнкү сабакка катышууңарга кызмат кылсын!

Анда эмесе, сабагыбыздын кийинки тапшырмасына кезек берсек:

1-тапшырма (3 мин)

Суроо: Алыкул ким?

Бул суроого топтор жоопторун берүүгө аракеттенишет. Мугалим окуучулардын бардык жоопторун жазуу тактасындагы ватманга түстүү маркер менен жазып турат. Окуучулардын ойлору мугалим тарабынан жалпыланат, жыйынтыктуу ой айтылат.

Топторго упайлар берилет.

Түшүндүрүү этабы: (6 мин)

Окуучуларга проектордон Алыкул Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгына байланышкан слайд көрсөтүлүп,кенен маалымат берилет. Ар бир көрсөтүлүп жаткан сүрөткө мугалим түшүндүрмө берет: М:

а) Алыкулдун портреттери

б) Педтехникумда бирге окуган курбулары менен

в) 1938- ж Москва шаары ЖС пленимунда

г) 1939- ж Москва Кыргыз жазуучуларынын делегациясы менен

д)1939- ж жубайы Зейнеп Талибова

е) Алыкулдун чыгармаларынын жыйнактары

ж) Улуттук китепкананын жанына орнотулган акындын айкели

з) Акындын үй музейинен көрүнүштөр

и) "Мезгил жана Алыкул" китеби

Мугалимдин сөзү: Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөтөнчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир мертебе калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Улуу акын өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан , өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан Кудурети күчтүү табияттан суранганы бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң ач көз эмесмин,

Өктө кылып ай аз бердиң дебесмин.

Байлык, үй-жай, ден-соолуктан ардактуу,

Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Алыкул Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

3-тапшырма (5 мин)

Азыр акындын чыгармаларына көркөм окуу конкурсуна кезек берели:

-Окуучулар жаттап келген ырларын көркөм айтышат жана ал ырдын маанисине кыскача токтолушат.

Упайлар берилет.

4-тапшырма (4мин.)

"Сөз чынжыры" оюну ойнотулат.

Топтор кезек-кезеги менен Алыкулдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча сөздөрдү айтышат. (Оюнда биринчи айтылган сөз кайсы тамга менен бүтсө кийинки сөз ошол тамгадан башталышы керек. Кээ бир учурда бүткөн тамга топтордун каалоосу боюнча башка тамгага өтсө болот. Оюн төмөнкү формада ойнотулат: Мисалы: Алыкул-лирик- "Коштошуу"-"Уйкум келет"-"Тирүүлүк"-"Күлүйпа" поэмасы- "Аялга"- "Ардак белгиси" ордени менен сыйланган ж.б.у.с ).

Жыйынтыгында топторго упайлар берилет.


5-тапшырма (5 мин)

Концептуалдык карта түзүү

Ал төмөндөгү формада болот


ырлары

котормолору

поэмалары

кызматы

турмушу

Топтор өз жоопторун презентациялашат.

Алыкул жана музыка (4 мин.)

Мугалимдин сөзү: Кыргыз эли көтөрө алгыс ыр килемин кирпик менен согуп, бардык нерсени танып, ырдан танбаган Алыкул поэзиянын түпсүз, терең көлүндө чабак уруп отуруп, стол үстүндө ыр жазган калыбында кете берген...

Өзүнө-өзү канааттанбай катаал караган, ары жазмыш тагдыры татаал акын кылым өтсө да жашара берген, шагы ийилип түбөлүккө мөмөлөй турган ырларды калтырып кетти. Алыкулдун ырларына обондор жазылып, ырдалып келүүдө. Ар бир топ Акындын обондуу ырларынан аткарышат.

Эми балдар, силер акындын музыка жазылган ырларын аткарып берсеңер.

Упайлар берилет.

6-тапшырма (5мин)

Ашык оюну

Мугалимдин сөзү: Бул тапшырмада Алыкул Осмоновдун өмүрү чыгармачылыгына байланыштуу эки сөз бир багытта болот, үчүнчүсү ашык, силер ашыгын табышыңар керек.

Мисалы: "Ата Журт", "Коштошуу", "Эшимкандын тереги"

Ашыгы - "Эшимкандын тереги"- поэма, экөө ыр,

Ушул багыттагы тапшырмалар кезеги менен берилип, оюн улантылат. Туура жоопторго упайлар берилет

7-тапшырма

Ойлонуу этабы (3 мин.)

Адабияттык диктант

Бул тапшырмада топтордун лидерлери таймашат. Мугалим тарабынан тема боюнча суроолор берилет. Мисалы: Алыкул Акынбы? Жообу: Ооба

Алыкул Ысык Көлдүкпү? Жообу: Жок ушул багытта суроолор уланып кетет.

Лидерлер суроого "ооба" жана "жок" деген гана жоопторду бериши керек. Эгерде "ооба" деп жооп берсе ___ (түз сызык сызат), "жок" деп жооп берсе, (жарты шакекче сызылат)

Топтор аткарган иштерин презентациялашат.

Упайлар берилет.

Жыйынтыктоо этабы: (3мин.)

Мугалимдин сөзү: Демек балдар, Алыкул- ыр шумкары, ыр тулпары! Нечен ирет кыргыз поэзиясында дүбүрт салат, шаңшыйт, таңшыйт. Ал ырлары турганда дайыма эл - журту менен бирге. Ал-улуттук акын.

Баалоо: (2 мин.) топтордун топтогон упайларынын жыйынтыгы чыгарылат. Сабакка катышына карай окуучулар бири-бирин баалашат.

Үйгө тапшырма: (1 мин.) Алыкулга таасирленүү.

Ыр жаратуу



 
 
X

Чтобы скачать данный файл, порекомендуйте его своим друзьям в любой соц. сети.

После этого кнопка ЗАГРУЗКИ станет активной!

Кнопки рекомендации:

загрузить материал